* Орусиянын ММКлары орус тилинин Кыргызстандагы тагдырына кабатыр

Без рубрики

«Өлкөдө эне тил дагы өнүгүшү керек»…

Баардык мамкызматкерлерди кыргыз тилин билүүсүн милдеттендирген мыйзамга өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаевдин кол койгону тууралуу маалыматты орусиянын ММКлары кабатырлануу менен кабыл алышты. Журналисттер “Орус тили мамлекеттик (ырасмий) тил статусун жоготуп албайбы?”, деген суроо менен өлкөнүн Мамтилди өнүктүрүү боюнча Улуттук комиссиясынын жетекчиси Эгемберди Эрматовго кайрылышып, “жакынкы жылдары жоготпойт” деген жооп алышты. Жетекчи 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынганын эске салып, мамлекеттик тил статусуна өзгөртүү киргизилиши арсар экенин белгиледи. Аны менен бирге “өлкөдө эне тил дагы өнүгүшү керек”, — деп кошумчалады.

“Коштилдүү” өлкөлөрдүн мамлекеттик тилдеринин өнүгүүсү эмнегедир орус журналисттерин кызыктырбашын белгилөө менен гана чектелебиз.  Ошону менен бирге аларды чиновниктердин өз эне тилдерин билүү деңгээли да кабатырлантпайт. Мисалы Беларусияда беларус тилдүү чиновниктерди табуу кыйын.

Эгер кайсы чиновник мамкызматкерлер өз тилин билүүсү тууралуу айтып чыга турган болсо, ошол замат орус тилдүүлөргө кысым көрсөтүү башталганы тууралуу айтылып баштайт. Ошондой болсо да, Москвада олтурган Орусиянын министрлери жок дегенде өз региондорунун улуттук тилдерин билишеби?

http://nr2.com.ua/News/world_and_russia/Rossiyskie-SMI-ozabotilis-sudboy-russkogo-yazyka-v-Kirgizii-92917.html